Жаңылыктар
Ак-Суу районундагы айдоо аянттарды көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар
Айыл чарба
Ак-Суу районундагы айдоо аянттарды көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар

Ал эми ысык-көлдүк дыйкандар суу жетпеген аянттарды суу сактагычтардын, насостордун жардамы менен сугарууну мерчемдөөдө. Муну менен облустун Ак-Суу районундагы айдоо аянттарды дагы үч жүз гектар аянтка көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар. Эске сала кетсек райондогу кырк сегиз миң айдоо аянтынын 36 миңи суулуу жер, ал эми калганы кайрак жерлер. Эми жергиликтүү дыйкандар союз учурундагы ыкма менен кайрак жерлерге суу жеткирмей болду.

Ак-Суу районунун Отуз-Уул айылындагы дыйкандар үчүн азыр күнүгө суунун кезегин күтмөй убагы. Сугат суу тартыш болгондуктан көпчүлүк аянттарга буудай арпа айдалбайт. Кургакчылыктын айынан айрым дыйкандар алынган насыяларын төлөй алышпай, зыянга учурашкан.

Чынында бул айылдык дыйкандардын сугат маселесин чечүү мүмкүнчүлүгү бар экен. Бул үчүн союз учурунан калган эски суу сактагыч ишке кириши керек. Түбүндогү цементтелген жерлери жакшы сакталып калган. Калган темир тезегин жергиликтүү эл чыгарып кетишкен. Бирок аларды тез эле ишке койсо болот. Суу сактагыч ишке кирсе жалпы суу жетпей жаткан сегиз жүз гектар аянтты суу менен касыздаса болот.

Мындай сугат суу тартыштыгы пайда болбошу үчүн район аймагындагы Комсомол суу каналында жети миллион сомго реабилитациялык жумуштарды жасоо зарылчылыгы бар. Бул багытта азыр долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Ишке ашып калса райондогу сугат суу менен камсыздоо иштери сексен, токсон пайызга чечилет.