Жаңылыктар
Кытайдагы сынакта Таңнурунун ырдаганы интернетте көп көрүүчүнү топтоду
Маданият
Кытайдагы сынакта Таңнурунун ырдаганы интернетте көп көрүүчүнү топтоду

Улуу салтты кыйырга жеткирген саамалыктан тышкары кыргыз маданиятын дүйнөгө дүңгүрөткөн ырчы-чоорчулардан да учубуз куру эмес. Дегенибиздин себеби, Кытайдын Үрүмчү шаарында өткөн “Жибек жолу жаңырыгы” сынагында Таңнуру Мухаммет кызынын ырдаган тасмасы интернетте көп көрүүчү топтоп, колдонуучулардын алкышына татыды. Таңнуру быйыл Кыргыз улуттук консерваториясын аяктады. Кыргыз деп күйгөн кытайлык кыргыз кызы менен Актилек Гүлжигит кызы жолугуп, баарлашып келди. “Жибек жолу жаңырыгы” эл аралык сынагынын калыстары өздөрү артты карап отурса да, Таңнурунун мукам үнү жана ырдоо стилинен кыргыздын кызы деп дароо таанышты. 

Рыспай Абдыкадыровдун “Сагынуу” чыгармасын ийинине жеткире аткарган Таңнуру сынактын кийинки баскычына кабыл алынды. Анын бул сынакта ырдаган тасмасы интернетте көп көрүлгөн тасмалардын катарына кирип, колдонуучулардын алкышына татыган. Таңнуру Мухаммет кызы кытайлык кыргыз кызы. Ал бала кезинде Кыргызстанда жашасам деп кыялданчу. 2010-жылы кыялы орундалып, Кыргыз улуттук консерваториясына окууга тапшырган. Быйыл дипломун колуна алды. 

Таңнуру улуттук филармонияда жеке концертин да берип үлгүрдү. Ал негизинен кыргыз элдик жана классикалык ырларды аткарат. Эми кытай менен кыргыз элинин ортосунда маданий көпүрө түзсөм дейт. Таңнуру тырышчаактыгынан улам, консерваториянын 5-6 жылдык программасын 2 жылдын ичинде өздөштүргөн. Окутуучуларынын эсинде үлгүлүү студент катары калыптыр. Таңнуру улуттун тагдырына кайгырган кыз экен. Ар бир сөзүндө “кыргыз” деп турат. Эми анын кыргыз маданиятын өнүктүрүп, кытайлык кыргыздар менен маданий байланышты жакшыртсам деген кыялы бар.