Жаңылыктар
Газ сатуучу жайдан чыккан өрт 2 адамдын өмүрүн алды
Кырсык
Газ сатуучу жайдан чыккан өрт 2 адамдын өмүрүн алды

Кечээ, 19-июнда 17:22 чамасында Ысык-Көл облусунун Ананьево айылынын батыш тарабында Балыкчы-Каракол автожолунун түндүк тарабындагы май куйуучу жайынын жанында жайгашкан газ куюучу станциясы жарылып, өрттөнүп кеткен. Жакын жайгашкан жердеги май куючу жайда 25 тонна күйүүчү майды суу берип муздатып, өрт чыгып кетүүдөн сактап турушкан. Бирок, өрттүн кесепетинен бекетке жакын токтоп турган 1 жеңил унаа жана 5 чоң жүк ташуучу унаа кошо күюп кетти. Бир газ ташуучу унаада 2 киши кошо өрттөнүп каза тапканы маалымдалууда. Алар 1965-жылы туулган атасы менен 2007-жылкы баласы болушкан. Дагы 8 адам ар кандай күйүк жаракаты менен Ананьево айылдык жана Ысык-Көл райондук ооруканасына жеткирилген. Жарылуудан жабыркаган 8 адамдын учурда абалдары оор экендиги маалымдалууда. 

Жеринде өзгөчө кырдаалдар кызматы, аймактык милиция жана өрт өчүрүүчүлөр иш алып барып, өрт чектөөгө алынган. Ошого байланыштуу Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы жабыркаган адамдарга тез арада кан керектигин билдирет. Кырсыкка кайдыгер карабагандарды кан берүүгө чакырат.

Учурда өрттүн чыгуу себептери иликтенүүдө.