Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапар менен Москва шаарында
Саясат
Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапар менен Москва шаарында

Президент Алмазбек Атамбаев 19- июнда мамлекеттик сапар менен Россия Федерациясынын Москва шаарына барды. Аэропорттогу расмий жолугушуунун аземинде  Ардактуу кароолдун ротасы тизилип турду, оркестр эки  өлкөнүн мамлекеттик гимндерин ойноду, эки өлкөнүн туулары илинди.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен бейформал жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда мамлекет башчылары Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташтык, сапардын алкагында өтүүчү эки тараптуу жолугушуулар жаатында сүйлөшүштү.

Алдыда дагы Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушаары күтүлүүдө. Ошондой эле, Башкырстан Республикасынын башчысы  Рустэм Хамитов  менен Уфа шаарында  жана Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен Казан шаарында  жолугушат.

Президенттин мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрү өткөрүлөт. Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө  бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу болжолдонууда.