Жаңылыктар
А.Атамбаевдин Орусияга болгон иш сапары башталды
Саясат
А.Атамбаевдин Орусияга болгон иш сапары башталды

Президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга мамлекеттик сапары башталды. Расмий маалыматка ылайык, беш күндүк сапарда Алмазбек Атамбаев орус президенти Владимир Путин баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолугат, ошондой эле бир катар документтерге кол коюлмакчы. Бул иш сапар Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык алаканын 25 жылдыгына туш келди. Серепчилер Россия Кыргызстандын эң жакын стратегиялык өнөктөшү деп айтып келишет.

Мамлекеттик иш сапардан соң Алмазбек Атамбаев ошондой эле Башкыртстандын башчысы Рустэм Хамитов жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен кезигет. Анда аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды жандандыруу маселелери талкууга алынат. Бул жолугушуулар концерттик программалар менен коштолот.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"