Жаңылыктар
Президент Атамбаев Россиядагы мекендештер менен жолугат
Саясат
Президент Атамбаев Россиядагы мекендештер менен жолугат

19-24-июнь күндөрү өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин Россияга иш сапарынын  алкагында  президент  ал жакта жашаган мекендештер менен жолугат. 

Мындан сырткары, миграция, саламаттыкты сактоо, каржы жана статистика тармагында  бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Мындай маалыматтарды президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева билдирди. 

Анын айтуусунда, 19-24-июнь күндөрү  Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен мамлекет  башчы Алмазбек Атамбаевдин Россия Федерациясына болгон мамлекеттик сапары башталды. Иш чара эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесинин 25 жылдыгына арналган. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"