Жаңылыктар
Ак-Талаа районунда сууга чөгүп бараткан көпүрө жабылды
Кырсык
Ак-Талаа районунда сууга чөгүп бараткан көпүрө жабылды

Нарын облусундагы Ак-Талаа районунда сууга чөгүп бара жаткан чоң көпүрө жабылды. Мындай маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди. 

Белгилей кетсек, бул көпүрө Ак-Талаа районунун Ак-Кыя, Тоголок Молдо, Жогорку Май айылдарын жана Нарын менен Тогуз-Торо районун байланыштырчу. Буга чейин көпүрө 40-45 сантиметрге чейин сууга чөгүп кеткени айтылган. Мындан улам, чоң жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилип, көпүрөдөн жөө адамдар гана өткөрүлүп келген. Эми болсо таптакыр жабылып, эки жагына темир бетон тосмолор орнотулду.