Жаңылыктар
Жөлөк пулдар жөнүндө мыйзам долбоору жакында ЖКда каралат
Экономика
Жөлөк пулдар жөнүндө мыйзам долбоору жакында ЖКда каралат

Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө мыйзам долбоору жакында Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда карайт. Мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, ар бир жаңы төрөлгөн балага 3 жашка чейин ай сайын жөлөк пул төлөнөт. 

Ал эми үй бүлөдө баланын саны 3төн ашканда 16 жашка чейин жөлөк пул төлөнүп берилет.Мыйзамды демилгелешкен депутаттар, бул коррупцияны кыскартып, баланы эрте жаштан өнүктүрүүгө өбөлгө болот. 

Жөлөк пул берүү “Таза коом” долбоорунун негизинде ишке ашып, аны алуу кыйла жеңилдейт деп  билдиришүүдө. Бирок айрым эл өкүлдөрү  ар бир балага берилсе “жөлөк пул“ принциби четтеп, колдунда барлар деле ала баштайт деген жүйөө менен каршы пикирин билдирүүдө. Бүгүн көз карандысыз эксперттер мыйзам долбоорун колдоп, маалымат жыйынын өткөрштү. 

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"