Жаңылыктар
Жерлерди траснформациялоо маселесин өкмөт карап чыгат
Кыргызстан жаңылыктары
Жерлерди траснформациялоо маселесин өкмөт карап чыгат

Трансформациялоого сунушталган жерлердин санын өкмөт кайрадан аныктап чыгат. Бул тууралуу 19-июнда парламенттин тармактык комитетинин отурумунда айтылды. Эл өкүлдөрү сугат жерлерди трансформациялоо боюнча мекемелер аралык комиссия иштегенин, жерлерди аныктоо үчүн өкмөт аталган комиссиянын маалыматтарын колдонушу керектигин талап кылды. 

Ал эми өткөн жумада Жерлерди трансформациялоо боюнча мыйзам долбоору парламенттик жыйында каралып жатканда комиссия менен өкмөттүн маалыматы эки башка болуп чыгып, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жөнөтүлгөн. Өкмөт комиссиянын тизмесинде 2009-жылдан кийинки салынган үйлөр кирип калганын айткан. Ал эми 2 жумадан бери ак үйдүн алдында митинг уланып, тургундар шаардын четиндеги бир катар жерлерди мыйзамдаштырып берүү талабын коюуда. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"