Жаңылыктар
Карыяларга көрүлгөн камкордук
Кыргызстан жаңылыктары
 Карыяларга көрүлгөн камкордук

«Карып калганда сага көңүл буруп турса, жашагың келет» - деди Нина Пиксаева. Ал Улуттук Кызыл Ай Коомунун карыялар клубунун мүчөсү. Негизи карып калганда атайылап сейил бакка чыкпайсын. Бүгүн барыбыз бирге чыкканыбыз абдан жакшы болду. Өзгөчө бизге ар дайым жылуу мамиле жасап, кам көрүп, турса жашагың келет. Клубду жетектеген Жамиля менен Элмира ар дайым биздин маанайыбызды көтөрөт.

Карыялар клубунун мүчөлөрү атайын таякчалар менен сейил бакта басышты. Бул иш чарага клубдун жыйырмадай мүчөсү катышты. Ар бирине атайын таякчалар тартылып, басуунун ыкмаларын көрсөтүлдү. Карыялар эки катарга тизилип, таякчалар менен сейил бакты аралап басышты. Андан тышкары ар кандай спорт оюндарын ойношту.

Улуттук Кызыл Ай коомунун жалгыз бой карыларга жардам көрсөтүү долбоорунун координатору Жамиля Мадалбекова: 

«Атайын таякчалар менен сейилдөө иш чарасын биринчи жолу уюштурдук. Карыяларыбыздын ден соолугун чыңдоо менен таза абада маектешүүнү пландаштырдык. Мындай иш чараларыбыз аркылуу карыларыбыздын коомго салым кошооруна, алардын да, коомдо оорду бар экенине басым жасагыбыз келет».

Жеңишкүл Тоголокова