Жаңылыктар
Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплекси оңдолот
Маданият
Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплекси оңдолот

Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинде жайгашкан күмбөздүн чатыры оңдолот. Жаңылоо иши жалпы суммасы 152 миң америка долларын түзгөн гранттын эсебинен жүргүзүлөт. Бул туурасында аталган музей комплекстин жетекчиси Авазбек Турсунбаев билдирди. 

Анын айтымында, күмбөздүн чатырынан өткөн суу- күмбөздөгү тарыхый эстеликтерге коркунуч жаратып келет. Оңдоо иштери жаан аз жааган аптаптуу күндөрү же, июлдун орто ченинен сентябрь айына чейин жүргүзүлөт. Курулушка керектелүүчү каражаттар экспертизадан өткөрүлүүдө. 11-12-кылымдарга таандык Өзгөн архитектуралык комплексине жылына чет өлкөлөрдөн миңдеген туристтер келет. Комплекс мунарадан жана үч күмбөздөн турат. Өзгөн мунарасынын алгачкы бийиктиги 44 метрге жеткен. Бирок убакыттын өтүшү менен чөгүп, азыркы учурда бийиктиги 27,5 метрди гана түзүп калган.

"Музейлердин демилгечи борбору аркылуу ири долбоор утуп алганбыз. Ошонун негизинде ушул комплекс ремонттолот",- деди Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинин жетекчиси Авазбек Турсунбаев.