Жаңылыктар
СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева 81 жашын белгилөөдө
Маданият
СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева 81 жашын белгилөөдө

Опера ырчысы, сахна ханышасы аталган Кайыргүл Сартбаева бүгүн 81 жашын белгилөөдө. Опера ырчысы, СССР эл артисти классикалык жана улуттук опералардагы негизги партияларды аткарат, алардын ичинен «Манас» операсында Каныкейдин , «Айчүрөктө» Айчүрөк, Калыйман, Келин жана башкалардын образдарын жогорку чеберчиликте аткарган. Анын репертуарында дүйнөлүк алп композиторлордун жана европалык классиктердин өчпөс романстары бар. Улуу талантты дүйнө эли “Айчүрөк” жана "Чио-Чио-Сан" белгилүү операларынан улам тааныйт. 

Эскерте кетсек, СССРдин эл артисти, тажрыйбалуу педагог, профессор Кайыргул Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Кемин районуна караштуу Кара-Булак айылында туулган. Исскуствого кошкон салымы үчүн, "Манас" ордени, ТҮРКСОЙ уюмунун алтын медалы жана башка бир катар ардактуу наамдар менен сыйланган.

"Ырчылык өнөр менин бактым, жашоом менин өмүрүм. Ошол өнөрдү багып бапестеп жүрүп, СССР эл артисти деген наамга жетиштим окшойт. Касиеттүү Манас атабыздын ордени жөн эле берилбесе керек. 2- жана 3 - даражадагы",- деди СССРдин эл артисти Кайыргул Сартбаева.