Жаңылыктар
Президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга жасаган иш сапары уланууда
Саясат
Президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга жасаган иш сапары уланууда

Президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга жасаган иш сапары уланууда. Визит эки өлкөнүн дипломатиялык алакасынын 25 жылдыгына арналып, орус президентинин чакыруусу менен уюштурулган. Программада Владимир Путин жана Дмитрий Медведев менен жолугушуу каралган. Андан соң Атамбаев Уфа, Казань шаарларына сапар тартып, анда Россия Федерациясынын курамындагы республикалардын президенттери менен жолугушат. Калыгул Асамбаев кененирээк айтып берет.

Алмазбек Атамбаев Москвага бир нече ирет барган. Бирок, дал ушундай азем менен аны алгачкы ирет тосуп алышты. Себеби, бул жолку иш сапар мамлекеттик макамга ээ - визиттердин эң жогоркусу болуп саналат.

Кыргызстан менен Орусиянын дипломатиялык алакасы 1992-жылы 20-мартта түзүлгөн. Эки өлкөнүн аскерий кызматташтыгын Бишкек маанилүү багыттардын бири деп эсептейт. Өнөктөш мамлекет Кыргызстанга ири көлөмдө курал-жарактар менен техникаларды жөнөтүүдө.
Экономикадагы алака да бекемделүүдө. 2017-жылдын алгачкы үч айындагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 327 миллион долларды түзгөн. Бул былтыркы жылдын үч айына салыштырмалуу 61 миллионго көп дегенди билдирет. Россиянын 85 субьектисинин ичинен 76сы менен Кыргызстандын соода-экономикалык байланышы бар. Евразия экономикалык биримдигине кошулуу менен мигранттар менен катар Кыргызстанга акча которуулар да көбөйгөн. Учурда Орусияда 616 миңден ашуун мекендештерибиз эмгектенүүдө.

Алмазбек Атамбаев президенттик кызматты аркалап турган 6 жылга жакын убакыттын ичинде Владимир Путин менен жыйырмадай жолу пикир алышкан. Ал иш сапарлардын, эл аралык саммит, форумдардын жүрүшүндө болгон. Саналуу айлардан кийин мамлекет башчылыктан кете турган Атамбаев мөөнөтү аяктагандан кийин өлкөдөгү башка маанилүү кызматтарды ээлебестигин жарыялап келет. Ошентсе да бул кыргыз-орус алакасын өзгөртпөйт. Салтка айланып калган кызматташтык мындан ары да улана берет.