Жаңылыктар
Биринчи Май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун ишин кароо улантылды
Коррупция
Биринчи Май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун ишин кароо улантылды

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун ишин кароо улантылды. Соттолуучунун жактоочулары Текебаев президенттик жарышка катышуу ниетин билдирген деген жүйө менен 15-июнда Борбордук шайлоо комиссиясына анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз беришкен. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар адвокаттар тарабынан сот отурумун атайылап создуктуруу аракети көрүлүп жатканын билдиришүүдө. Кененирээк кийинки материал.

Текебаев менен Чотоновдун үстүнөн соттук териштирүүлөр бүгүн Биринчи Май райондук сотунда кайрадан башталды. Соттолуучулар күзөттүн коштоосунда алынып келинди, саясатчылардын жактоочулары болсо бүгүн анча активдүү эмес, бир нече плакаттарды көтөрүп саналуу гана адамдар келишти.

Соттук териштирүүлөр башталар замат соттолуучулардын адвокаттары судьяга бир нече өтүнүчтөрдү келтиришти. Анын бири Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча, муну алар депутаттын БШКга талапкер катары арыз бергени менен түшүндүрүштү.

Мамлекеттик айыптоочулар адвокаттардын кадамын сот процессин атайылап создуктуруу аракети катары баалашууда. Улам бир отурумда өтүнүч келтиришип, мындан улам сот чечим чыгарууга үлгүрбөй калуусуна далалат болууда. Мунун бардыгы убакытты созуу менен Текебаевди талапкер катары каттатып алуу үчүн жасалып жатат дешет. Анткени соттуулугу бар адам мыйзам боюнча президенттикке ат салыша албайт.

Текебаевдин ишин создуктуруу аракети көрүлүп жатканын бул процесске байкоо салып жаткан серепчилер да белгилешүүдө. Алар оор кылмышка шектүү катары айыпталып жаткан адамдын жогорку мамлекеттик кызмат орду болгон- президенттикке ат салышканы моралдык жактан туурабы деген суроону коюшууда. Текебаевге “Коррупция” жана “Алдамчылык” боюнча иш козголгон.

Эксперттер Борбордук шайлоо комиссиясы бул боюнча абалды изилдеп көрүп депутатты каттоодон баш тартат деген пикирде. Эгер Боршайком кокус аны каттап алса, өзүнө эле баш оору кылып аларын эскертишүүдө.

Андыктан адистер президенттикке талапкерлер сөзү менен жасаган иши төп келген, ар кандай саясий жаңжалдарга аралашпаган, бир сөз менен айтканда кынтыксыз болушу керек деп эсептешет. Бул арада сот Текебаевдин жактоочуларынын өтүнүчтөрүн четке кагып, аны камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды. Эске салсак, Текебаев менен Чотонов “Мегаком” уюлдук компаниясын башкаруу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү үчүн орус ишкери Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алган деп айыпталып жатат. Аларга коррупция жана алдамчылык беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети буга далил боло турган айныгыс фактылар бар экенин билдирген. Саясатчылардын үстүнөн алгачкы соттук териштирүүлөр 5-июнда башталган.