Жаңылыктар
Жапониядан медициналык заманбап жабдуулар келет
Ден соолук
Жапониядан медициналык заманбап жабдуулар келет

Кыргызстандын 5 медициналык жайы Жапониядан жаңы заманбап жабдууларды алат. Бул аракеттер саламаттык сактоо министрлиги менен Жапон өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн гранттык келишимдин негизинде ишке ашат. 

Бул Кара-Буура жана Кемин үй-бүлөлүк медициналык борборлору, Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын чыңдоо борбору, Бакай-Ата борбору менен Ноокен аймактык ооруканасынын медициналык кызмат көрсөтүүсү жакшыртылат.