Жаңылыктар
Чаткал: Терс дарыясына кулаган унаанын бир жүргүнчүсү изделүүдө
Кырсык
Чаткал: Терс дарыясына кулаган унаанын бир жүргүнчүсү изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чаткал айыл аймагында 19-июнь күнү саат 01:30 чамасында «Ауди-100» үлгүсүндөгү унаа Терс дарыясына кулап, ичиндеги жүргүнчүлөрдүн бири изделүүдө. 

Унаанын ичинде 4 адам болгон, унаа кулаганда 2 адам суудан чыгып кетүүгө үлгүрсө, 2 аял суудан чыга албай агып кеткен. Агып кеткен бир аялдын сөөгү ошол эле күнү Кара-Булак участкасында Чаткал дарыясынан табылган. 

20-июнь күнү экинчи аялдын сөөгүн издөө иштери жүргүзүлүп, табылган эмес. Издөө иштери улантылып жатканын ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.