Жаңылыктар
Дүйнөдө качкындардын саны көбөйүүдө
Дүйнө
Дүйнөдө качкындардын саны көбөйүүдө

Дүйнөдө качкындардын жана башпаанек сурагандардын саны 65 миллиондон ашык адамга жетти. 

Кыргызстан 1996-жылы Качкындардын укугун коргоо боюнча эл аралык конвенцияга кошулган. Өлкө эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардан бери 20 миң адамга баш паанек берди. 

Алардын көбү Тажикстандагы жарандык согуштан улам качкан, этникалык кыргыздар. 

Учурда 179 адам качкын статусуна ээ, алардын басымдуу бөлүгү Афганистан, Сириядагы  согуш апаатынан, жаңжалдан  качкандар.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"