Жаңылыктар
Алайдагы сел боз үйдү агызып кетти
Кырсык
Алайдагы сел боз үйдү агызып кетти

Алайдын Үч-Дөбө айыл аймагында жайгашкан Ничке жайлоосунда сел жүрүп колоттун ичиндеги боз үйдү агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады. 

Билдирүүгө караганда, 19-20-июнь күндөрү аталган аймакка күнү-түнү тынбай жамгыр жааган. "Катуу жааган жаандын кесепетинен тигилип турган боз үйдү сел толугу менен агызып кеткен. Боз үйдүн ээси Жумаев жергиликтүү тургундардын малын карап жүргөн. Бактыга жараша, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес", — деп жазылат маалыматта. 

Жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы майор Дайырбек Каримов Алайга жөнөп кеткен.