Жаңылыктар
Россия-Кыргызстан: бир нече негизги келишимдерге кол коюлду
Саясат
Россия-Кыргызстан: бир нече негизги келишимдерге кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев Орусияга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы бир нече негизги келишимдерге кол коюлду. Ал эми маалымат каражаттары үчүн биргелешкен билдирүү учурунда Алмазбек Атамбаев акыркы 5-6 жыл ичинде эки өлкөнүн ортосундагы мамиле тереңдегендигин белгиледи. 

"Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүнүн шарапаты менен товар жүгүртүү 23 пайызга өскөндүгүн, эмгек мигранттарыбыздын акча которуулары көбөйгөнүн кошумчалады. Эң негизгиси - Россияда иштеген Кыргызстандын жарандары үчүн жашоо канчалык жеңилдей түшкөнүн көрүп жатабыз”,- деди президент Алмазбек Атамбаев. 

Өз кезегинде Владимир Путин чейрек кылымдын аралыгында эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсү бардык багыттар боюнча ырааттуу, өз ара урматтоо жана бири биринин кызыкчылыктарын эске алуу принциптеринин негизинде өнүгүп, чыныгы стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине чыкканын белгиледи.

“Кыргызстандын президенти менен азыркы сүйлөшүүлөр салтка айланып калгандай, достук жана конструктивдүү маанайда өттү. Биз эки тараптуу күн тартибиндеги эң маанилүү маселелердин бардыгын талкууладык. Эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрү, ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен бирге Россия менен Кыргызстан мамилелеринин абалын, биринчи кезекте соода-экономикалык чөйрөдөгү абалды толук карап чыктык. Россия менен Кыргызстан стратегиялык мамилелердин маанилүү бөлүгү - аскердик-техникалык жана аскердик кызматташуу. Бүгүн кол коюлган аскердик-техникалык кызматташууну өнүктүрүү тууралуу мамлекеттер аралык келишим Кыргызстандын коргонуу жөндөмдүүлүгүн мындан ары чыңдоого олуттуу салым кошо алат”,- деди Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин.