Жаңылыктар
Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү башталды
Маданият
Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү башталды

Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү башталды. Негизги иш-чаралар анын борбору Москвада өтүүдө. Россиянын башкы сахнасы болгон мамлекеттик Кремль сарайында Кыргызстандын искусство чеберлеринин концерти болуп өттү. Ага комузчулар, опера, эстрада ырчылары жана белгилүү бий топтору катышты. 5 миңден ашык мекендештерибиз бүгүн элдик кайрыктарды угуп, ырчы чоорчулардын өнөрлөрүнө күбө болуу үчүн келишкен. Келгендердин дээрлик бардыгы мигранттар. Айлап жылдап чет жакта иштеп жашап жүрүшөт. Мекенге болгон сагынычтарын жашырышпайт, бүгүн ойнолгон кайрыктар аз да болсо сагынычты таратты дешет. Айрыкча комуз күүсү мекендештерге өзгөчө маанай тартуулады.



Кыргызстандыктардын концерти Москвада, Кремлдин өзүндө болот дегенде көптөрү ишенген эмес. Бирок кийин аларга өкүнүчтүү болду. Акысыз билеттер бат эле таратлыпы кетип, көп жарандарыбыз кечеге кире алобай калышты. Мамлекеттик Кремль сарайы болсо болгону 6 миң адамга эсептелген жана бардык каалоочуларды батыра алган жок.

Орусия кыргыз өнөрпоздору үчүн өзүнүн башкы сахнасын тартуулаганы көр нерседен кабар берет дешет мекендештер. Сахнанын артында да өзгөчө шаң. Ондогон кыргыз артисттери концертке даярдык көрүп жүрүшөт. Алардын дээрлик көпчүлүгү Кремль сахнасында биринчи жолу. Андыктан толкундангандары да бар. Бири ырдап даярданып жатса, дагы бири кийим кечелери менен алек. Бул жерде мурда кийин ырдап жүргөн артисттерибиз да бар.  
Атай Огонбаевдин белгилүү “Эсимде” аттуу ыры качандыр бир убакта Москвада жаңырган. Аны легендарлуу ырчы Болот Миңжылкыев аткарган. Бул жолу Кремлде бул композицияны Токтобек Асаналиев ырдады.

Концерттин уюштуруучулары- өз убагында экинчи көчмөндөр оюндарынын ачылышын уюштургандар. Андыктан алар буга чейин да өз ишин мыкты билген, кесипкөй адистер экенин далилдешкен. Манас тууралуу балет көргөзмөсү да коюлду.
Улуттук музыка аспаптарынын сүйүүчүлөрү “Камбаркан” ансамблинин чыгармаларынан ырахат алышты. Комуз, ооз комуз, чопо чоор жана кыл аспаптардын чыккан күүлөр кошулуп, зал ичи башкача бир добушка бөлөндү.

Эки өлкөнүн жетекчилиги Кыргызстандын Орусиядагы маданият күндөрү жемиштүү болорун жана эки элдин байланышын дагы бекемдейт деп ишенишет. Мындай маанай азыр эле байкалып турат, концертке келгендердин ар бир алтынчысы орус улутундагылар.
Москвада Кремлдеги концерт- Кыргызстандын Орусиядагы маданият күндөрүнүн алкагында өткөн иш-чаралардын бири гана. Мындан сырткары көргөзмө, жарманкелер, кино көрсөтүү жана башка көптөгөн иш-чаралар уюштурулат.