Жаңылыктар
ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу башталат
Билим
ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу башталат

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу 10-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди. 

Кабыл алуунун биринчи туру 10-15-июль күндөрү болот. Экинчи тур 17-22-июлда өтсө, бош орундарга үчүнчү тур Билим берүү министрлигинин чечими менен 24-29-июль аралыгына белгиленет. Жогорку окуу жайларына абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат. Эң төмөнкү балл 110 болсо, предметтер боюнча 60 баллды түзөт.