Жаңылыктар
Орозо айында сооп иш кылган айдоочулар
Дин
Орозо айында сооп иш кылган айдоочулар

Баткен-Ак-Татыр каттамында жүргүнчү ташып эмгектенген 25 айдоочу Орозо айындагы Кадыр түндүн урматына 21-июнь күнү ооз бекитилгенден баштап ооз ачаарга чейин жүргүнчүлөрдү акысыз ташып жатат. Баткен шаарынан Ак-Татыр айылына чейин жол узундугу 40 чакырым. Ошондо ар бир жүргүнчү 80 сомдон акы төлөмөк. Кадыр түн - орозо айдын 27- түнү болот.

Бүгүн Кыргызстан мусулмандары кадыр түн тосот. Ал эми Орозо айт 25-июнь, жекшемби күнгө белгиленди. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. 

Эскерте кетсек, буга чейин Орозо айт 26-июнь күнү болот деп айтылган. Ислам шариятында Орозо айт күнү жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Ошондуктан бир күнгө айырма болду,- дейт муфтияттын маалымат кызматы.