Жаңылыктар
Чүйдүн сугат суу маселесин чечүү колго алынды
Айыл чарба
Чүйдүн сугат суу маселесин чечүү колго алынды

Кеминдеги “Жылтыр” күнүмдүк жөнгө салуу бассейни бюджеттин эсебинен тазаланат. 1984-жылы курулган бассейн, союз урагандан кийин Ильич айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилген. 

Бассейн курулгандан бери тазаланбагандыктан ичин чөп, камыш басып кеткен. Мындан улам, сугат маалында суу коё берүүгө мүмкүн эмес. Ал эми тазалоо жумуштарына 2 миллион 500 миң сом талап кылынат. Чүй облусуна болгон жумуш сапарында бассейндин абалы менен таанышкан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бюджеттен каражат каралаарын билдирди. 

Бассейн реконструкцияланса 1000 гектардан ашык жерди сугарууга шарт түзүлөт. Андан кийин өкмөт башчы Ак-Бешим айыл аймагынын Жаңы-Жол айылындагы суткалык жөнгө салуучу суу бассейинин абалы менен да таанышты. 1994-жылдан бери колдонулбай калган суу бассейни оңдолсо 2 миң гектар жерди сугарууга мүмкүнчүлүк болот.