Жаңылыктар
Өкмөт мүчөлөрү кырсык болгон аймактардан кабар алууга келди
Кырсык
Өкмөт мүчөлөрү кырсык болгон аймактардан кабар алууга келди

Кечээ күнү өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тарабынан катуу сынга кабылган өкмөт мүчөлөрү, кырсык болгон аймактардан кабар алууга келди. Анткени Жээнбеков, жабыркаган райондордогу кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин ыкчам жүргүзүү милдетин койгон.

Жалпак-Таш айыл аймагындагы көчкүдөн жабыр тарткан 67 кожолукка Жаман-Адыр участкасынан биринчилерден болуп жер тилкелери бөлүнүп берилген. Жаңы турмуш баштаганга бел байлаган жарандардын алды турак-үйүнүн пайдубалын түптөп жатса, кээси усталардын уктоочу жайын даярдоо менен алек. Ушул сыяктуу муктаждыктарды жеринен чечүү максатында , өкмөт башчынын атайын тапшырмасы менен, өкмөттүн өкүлдөрү аймакка келди. Өкмөт мүчөлөрү келээрге жакын, буга чейин чаңы буруксуп турган чыйыр жолдор кеңейтилип, шагыл төшөлүп, оор техникалар иштеп, айтор, аймакта жашоо жандангансып калды. Жергиликтүү эл эң зарыл болгон -курулуш материалдарына байланышкан көйгөйлөрүн айтышты. Анткени, жол ыраак. Материал жетиргенге эмес, сатып алганга каражат чектелүү. 

Жалпак -Таштан көчүп келүүчү 238 үй-бүлөнүн 124ү аз камсыз болгон үй-бүлө. Мына ушул жарандарга премьер-министрдин тапшырмасы менен цемент завод баасында- 4 сом 20 тыйындан жерине жеткирилмей болду. Жардамга муктаж үй-бүлөлөр цементке каражатты атайын ачылган эсепке түшкөн акчадан төлөйт. Бул каражат атайын түзүлгөн элдик комиссия аркылуу бөлүштүрүлүп берилет. Бул жолу жаңыдан тургузулуучу турак-үйлөрдүн сапаттуулугуна өзгөчө көңүл бурулат. Ал үчүн, аймакка турак-үйлөрдү курууда кеп-кеңеш берүүчү архитектура адистери тартылды. Булар, жаңы үйлөрдүн курулуш нормаларынын сакталышына көзөмөл жүргүзөт. 

Жаздагы жаратылыш кырсыктарынан улам, коопсуз жакка көчүрүлүүгө тийиш болгон Өзгөн районундагы 1039 кожолук үчүн аталган райондун аймагынан 226 гектар жер аянты трансформацияланып бүттү. Долбоорлонгон жер аянтынын генпланы да толук иштелип чыкты. Жаңы конушка карата иштелип чыккан генпланда, жашоо-шартка байланышкан шарттардын баары эске алынган. Айылга жол салынып, таза суу тартылат, электр чубалгылары жеткирилип, мектеп, бала-бакча, ФАП курулат.