Жаңылыктар
Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү мыйзамды ЖК кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү мыйзамды ЖК кабыл алды

Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамын парламент бүгүн 3-окууда кабыл алды. Документ кыргызстандык ар бир баланын мамлекеттен пособия алуусуна шарт түзөт.Президент кол койсо бул мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштайт. Социалдык жөлөк пул төлөө тууралуу мыйзам долбоорун социал-демократтар фракциясынын депутаттар тобу сунуштаган. Ал 3-окууда парламенттин кароосуна коюлду.

Регламент боюнча 1-2-окууда талкуулар, сын-пикир айтылып, сунуштар берилиши керек. Баяндамачы Тазабек Икрамовдун айтуусунда, 3-окууга чейин эч кимден эч кандай сунуш пикир түшкөн эмес. Бирок добуш берүүгө жиберилүүнүн астында документ кайрадан талкууга түштү. Бул суроого эл өкүлү Карамат Орозова кошулду. Ал азыркы мыйзамдар боюнча жарандык жашоо статусун аныктоо кыйын экенин, бирок өзгөртүлүп жаткан мыйзам негизгиси төрөлгөн баланы, энени, көп балалуу үй-бүлөлөрдү коргоого алат деди. 

Мыйзам пособия алуу жараянын да жөнөкөйлөштүрүүдө. Буга чейин аны алуу үчүн бир топ документтерди топтоого туура келип, айрым чиновниктер менен сүйлөшүүгө туура келсе, мыйзам иштеп баштаганда ата-эне баласына жөлөк пул алуу үчүн аймактык социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлчүлүгүнө арыз менен гана кайрылуусу жетиштүү. Ден-соолугунан мумкунчулугу чектелген балдарга, пенсия жашына жете элек мумкунчулугу чектелген жарандарга ай сайын толонуучу жолок пул озгоруусуз калат. Алар буга чейин пособияны кандай алып келсе, ошол бойдон ал сумманы алышат.Мыйзамга Президент кол койгондон кийин 2018-жылдын 1-январынан баштап ишке кирет. Келерки жылы анын жайылтылышына казынадан кошумча 1 миллиард 800 миң сом каралат.Өкмөттүн кирешесине жараша жөлөк пулдун суммасы да жыл сайын өзгөрүп турат.