Жаңылыктар
«Ак-Кеме» мейманканасындагы мүлктү каттоо иши жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
«Ак-Кеме» мейманканасындагы мүлктү каттоо иши жүрүүдө

«Ак-Кеме» мейманканасындагы мүлктөрдү каттоо иши жүрүп жатат. Бул туурасында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрагасы Болсунбек Казаков билдирди. 

Анын айтымында, мейманкананын ичинде фонддун кызматкерлери жүргүзүп жаткан жумуштар мыйзамдуу. Буга чейин имаратты бошотуу боюнча бир нече ирет кат жөнөтүлгөн. Мүлктү каттоо маалында коопсуздук сактоо үчүн милиция кызматкерлери тартылды. 

Эскерте кетсек, “Ак-Кеме” мейманканасынын Каржы министрлигине карызы 452 миллион сомго жеткендиктен, 2012-жылы Бишкектин райондор аралык соту мейманкананы министрликке өткөрүү тууралуу чечим чыгарган. Ал эми быйыл февралда өкмөт “Ак-Кемени” Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүп берген.

“Биз бир нече жолу эскертүү кагаздарын бергенбиз",- деди Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрагасы Болсунбек Казаков.