Жаңылыктар
Азия Ньюс: "Темир Сариев улуттун лидери боло алабы?"
Саясат
Азия Ньюс: "Темир Сариев улуттун лидери боло алабы?"

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн, "Азия Ньюс" шайлоо темасында жүрүп жаткан айың кептерден жазылган  саптарды алдыңкы бетине коюп жаңы санын тартуулады. Мисалы, генерал Суваналиев менен Мадумаров эмне балээни таап чыгышты деп, экөөнүн кечээ күнү чогуу отуруп бир топко чейин аңгемелешкенин кабарлайт,  аламанга өз алдынча чыккан талапкерлер бири-бири менен союздаш болушары, керектүү ыңгайда альянс түзүүгө даяр болушары болжонууда дегенди дал ушул жерге жазды. 

"Темир Сариев улуттун лидери боло алабы" деген баш макалага орун алган. Саясаттагы кыска кептерди чогулткан саясат кж бурчу Турусбек Мамашев ажы болду, эми ресторан-кафелери “халалдашабы” дегенди, Чотоновдун сейрек адамдарда кездешчү мүнөзү бааланууда,  Опгларды ыйлаткан поковниктин саясатка кайтып келиши, “Бир болчу” депутатты “кустурат” окшойт же Акылбек Жапаров,”Бөрү карыса да бир койлук алы бар” же Тургунбек Кулмурзаев, "Ырысы тоодой Нурбек Ысыранович", "Бабановго баткак чачыратууну каалагандар" Орозонун бүтүшүн күтүүдө  дегенди жазды. Бул сандан ЖКнын депутаты Кенжебек Бокоевдин “Импорт буудайга НДСти алып салуу тегирменчилердин лобби мыйзамы болгон” деп айткандарын окуй аласыз.

Мындаш тышкары бул сандан "Саляновага козголгон кылмыш иши мыйзамсыз" деген көлөмдүү макаланы, Соттун айыптоо өкүмү күчүнө кире элек болсо, БШК кайсы талапкер болсо да каттаганга милдеттүү,- деп билдирген БШКнын өкүлү Абдыжапар Бегматовдун айткандарын, экс- депутат, Дамира Ниязалиеванын “КСДПнын ынтымагын, кадыр- баркын кетирүү үчүн аракеттер көрүлүүдө деп берген маегин жана сүйүү темасында жазылган “Өз үйүмдүн босогосунда коңгуроону басуудан айбыгып турдум” деген сүйүү зарын окуй аласыз.Эми бүгүн жарык көргөн Политклиниканын макала баяндары менен таанышып алыңыз.

Бүгүн Политклиника: Улутка мен айтаар бүгүн кебим бар: Улуу кыял жаратуучу демим бар деген талапкер Темир Сариевдин айтканын тема кылды. Теманын уландысын гезиттин 4-бетинен улап окуп алыңыз. Маанилүү деген алгачкы бетиндеги маалыматтар Россия Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын кечти , Өмүрбек Текебаевдин ишинде 8-том бар экени бүгүн белгилүү болду, Чолпон-Ата шаарынын мэрине кылмыш иши козголду, Райкан Төлөгөновдун саламаттыгы начардыгы айтылууда, Ар бир төрөлгөн ымыркайга сүйүнчү пул төлөнөт деген аталышта орун алды. 

Баяндаманын толук чыгаралышын аудиого кирип уга аласыздар...

 Таалайкүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"