Жаңылыктар
“Саякбай манасчы” фильми жабык түрдө чакан чөйрөгө көрсөтүлдү
Маданият
“Саякбай манасчы” фильми жабык түрдө чакан чөйрөгө көрсөтүлдү

“Саякбай манасчы” фильми жабык түрдө чакан чөйрөгө көрсөтүлдү. 20-кылымдын Гомери аталган улуу манасчынын образын актер Марат Жанталиев жараткан. Ал эми манасчынын жубайын Тынара Абдыразаева ойноду. 

Фильм Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жана Чүй облусунда 2 жыл бою тартылган. Фильмде Чыңгыз Айтматовдун ролун жазуучунун уулу Элдар Айтматов ойногон. 

Тасмага тартуу иштери “Саякбай манасчы” эл аралык коому тарабынан каржыланып, “Кыргызфильмдин” техникалык колдоосу менен ишке ашкан.