Жаңылыктар
Президент Россиядагы мекендештерибиз менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Россиядагы мекендештерибиз менен жолукту

Президент Алмазбек Атамбаев Россияга болгон иш сапарынын алкагында ал жакта жашаган мекендештерибиз менен жолугушту. Жолугушуу суроо-жооп түрүндө өтүп, өлкө башчы аларга Кыргызстандагы түрдүү тармактарда жүрүп жаткан реформалар, анын ичинен билим берүү, куралдуу күчтөрү, транспорттук инфраструктуранын өнүгүшү, энергетика жана Орусияда иштеп жашап жүргөн кыргызстандыктарды колдоонун негизги багыттары боюнча айтып берди.

Алмазбек Атамбаев Россиянын жетекчилиги менен жолугушкан учурунда Орусиянын аймагында мигранттардын эмгек шартын жакшыртуу боюнча чараларга өзгөчө көнүл бурулганын белгиледи. Чогулгандардын суроолоруна жооп берип жатып, өлкө башчы мигранттарга медициналык жардам көрсөтүү, Россиянын аймагында айдоочу күбөлүгүн таануу боюнча көмөк көрсөтүү маселелерине да токтолду. 

Өз сөзүндө Алмазбек Атамбаев Кыргызстан өз тарыхында оор сыноолорду өткөрүп, акыры өзүнүн өнүгүү жолун тапканын, алдыда президенттик шайлоону таза, ачык айкын өткөрүүнү камсыз кылуу жана андан ары мыйзамдуулук менен туруктуулукту сактоого өзгөчө көнүл бөлүнүп жатканын белгиледи.