Жаңылыктар
Кант шаарында кара куурайды жок кылуу иштери жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кант шаарында кара куурайды жок кылуу иштери жүрүүдө

Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгы Кант шаарынын мэриясы жана шаардын "Жашылдандыруу" ишканасы менен биргеликте Канттагы борбордук эс алуу багынын аймагында өскөн кара куурайды жок кылышты. Жалпы 2,5 гектар аянттагы кара куурай күйгүзүлдү. 

Адистердин айтымында, кара куурай урук байлап өсүп калганга чейин жок кылып турбаса, баңгизатына кызыккандардын бүйүрүн кызытып, келечектеги түрдүү кылмыштык аракеттерге шарт түзүшү ыктымал. Милициянын айтымында, иш-чара "Мак-2017" ыкчам-профилактикалык рейдинин алкагында өттү.

"Кара куурай жыл сайын жок кылынат. 2016-жылы эле биз райондогу 300 тоннадан ашык кара куурайды жок кылдык", - деди Ысык-Ата РИИБнин башчысынын орун басары Азамат Акназаров.