Жаңылыктар
Бүгүн Экинчи дүйнөлүк согуш башталган тарыхый күн
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Экинчи дүйнөлүк согуш башталган тарыхый күн

Бүгүн СССРдин тарыхында Экинчи дүйнөлүк согуш башталган тарыхый күн. 1941-жылы 22-июнда, Германия мамлекети таң эрте эч бир жарыя кылбай туруп Советтер союзуна кол салып, аскердик, стратегиялык маанилүү объектилерге жана көптөгөн шаарларга чабуул жасаган. Улуу Ата Мекендик согуш ушундай башталып, ал 1418 күнгө уланган. Бул согушта Советтер союзу 27 миллион адамын жоготкон. Бирок жеңишти колдон чыгарган эмес. 

Бул 22-июнь - Улуу Ата Мекендик согуштун башталган күнүнө карата Бишкектеги "Спутник Кыргызстан" маалымат борбору Бишкек - Минск - Кишинев байланышын камсыз кылып, “Тарыхты бурмалоо жана НАТО күчтөрүнүн кеңейиши” деген аталышта видео көпүрө уюштурду. Ага үч мамлекеттеги эксперттер, тарыхчылар, мурдагы күч кызматкерлери катышты. 


“Биримдик” коомдук фондунун директору Олег Сернецкий Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин дагы Улуу Ата Мекендик согушка болгон мамиле өзгөрбөгөнүн айтты. Кыргыз эли жеңишке жетүүдө бар күчүн аябай салым кошконун, жыйынтыгында 21 кыргызстандык үч баскычтуу Данк орденинин кавалери, 73 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры аталганын белгиледи.

“Кыргызстанда бир да жолу ата мекендик согуштун жыйынтыгы боюнча талаш-тартууга аракет же совет элинин фашисттик Германия тууралуу же анын союздаштарынын жеңишинин маанисин төмөндөтүү боюнча аракеттер болгон жок. Буга жетиштүү негиздер бар. Башкысы Кыргызстандан 360 минден ашык кыргызстандык фронтко кеткен. Жердешибиз Чолпонбек Түлөбердиев Матросовдон бир жыл мурда дзотко көкүрөгүн тосуп эрдик жасап, жолдошторуна жол ачып берген. Кыргызстан согуш жылдарында кыйналган элди кабыл алып, экономикалык да чоң жардам көрсөткөн. Анын баарын эч ким унуткан жок”,- деди “Биримдик” коомдук фондунун аткаруучу директору Олег Сернецкий.