Жаңылыктар
Башкы прокуратуранын имаратынын курулушу боюнча кылмыш иши козголду
Коррупция
Башкы прокуратуранын имаратынын курулушу боюнча кылмыш иши козголду

Башкы прокуратуранын азыркы имаратынын курулушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 

2011-жылы 6-июлда Башкы прокуратура менен "Гарант проект" жеке ишканасы имараттын долбоорун иштеп чыгуу боюнча келишимге кол коюшкан. Натыйжада Башкы прокуратуранын жаңы имаратынын курулушу 236 миллион сом деп бааланган. Эсеп палатасы текшергенден кийин долбоордук-сметалык документтерди түзүүдө "Гарант проект" ишканасы курулушка керек болгон суммадан 93 миллион 625 миң 300 сомду ашыкча көрсөткөнү аныкталды. 

Ошондой эле, Башкы прокуратура тарабынан "түрдүү курулуш иштери үчүн" деген максатта 9 миллион сом мыйзамсыз колдонулганы такталган. 20-июнь күнү бул иш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө башкармалыгына иликтөөгө тапшырылды. 

Эскерте кетсек, 2011-жылдын 14-апрелинен 2015-жылдын 21-январына чейин Кыргызстандын Башкы прокурору Аида Салянова болуп турган.