Жаңылыктар
22-июнь - Улуу Ата Мекендик согуш башталган күн
Кыргызстан жаңылыктары
22-июнь - Улуу Ата Мекендик согуш башталган күн

Мындан 76 жыл мурда, 1941-жылдын 22-июну күнү таңкы саат төрттө фашисттик Германия Советтер Союзуна күтүүсүздөн кол салган. 5 жылга созулган кандуу согушта Советтер союзу миллиондогон аскерлеринен, жай тургундарынан ажырап, бир канча шаар, айылдар тып-тыйпыл болгон. Апаатта он миңдеген жарандар дайынсыз жоголгон. Кыйынчылык, жоготууларга карабай Советтер союзунун аймагында эле эмес, дүйнөдөгү фашизмди жеңүүгө кыргызстандыктар да зор салымын кошкон.

Советтик-германдык согуштун башталган күнүндө борбор калаада Бишкек - Минск - Кишиневди бириктирген “Тарыхты бурмалоо жана НАТО күчтөрүнүн кеңейиши” деген аталышта видео көпүрө уюштурду. “Биримдик” коомдук фондунун директору Олег Сернецкий Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин дагы Улуу Ата Мекендик согушка болгон мамиле өзгөрбөгөнүн айтты.

Маалыматтык согуш кучөп турган шартта айрым постсоветтик мамлекеттерде улуу ата мекендик согуштун жыйынтыктарын бурмалоого аракеттер жасалып жатканы Беларусь менен Молдованын эксперттери тарабынан айтылды. Башкысы тарыхтан сабак алып, согуштун кесепеттерин унутпай, тынчтыктын баркын билип жашоого аракет кылуу керек дешет тарыхчылар.