Жаңылыктар
Малды идентификациялоо иши 92 пайызга аткарылды
Экономика
Малды идентификациялоо иши 92 пайызга аткарылды

Өкмөт башчынын малды идентификациялоону ыкчамдатуу боюнча тапшырмасына ылайык бүгүнкү күндө жумуштар 92 пайызга аткарылды. 

Өлкөнүн баардык дубандары малдын башын тактоо боюнча талап кылынган милдеттерди аткарып жетишти. 

Жалпы такталган малдын 79 пайызы маалымат базасына киргизилди. Азырынча бул саан уйлар жана кунаажын боюнча гана маалыматтар. 

Алдыда дагы калган малдын башын тактоо ишке ашырылат.

Ошону менен бирге Жээнбеков малды идентификациялоо жумуштарында жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусун белгиледи. 2017-жылдан аягына чейин бул иштер жыйынтыкталышы керек. Бул жумуштарга зарыл болгон каражат табылат-деди өкмөт башчы.