Жаңылыктар
Пара алган салыкчы кармалды
Коррупция
Пара алган салыкчы кармалды

Бишкекте салыкчы 1,5 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түштү. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын маалыматына ылайык, аларга жеке ишкер Бишкек шаарынын Свердлов райондук салык башкармалыгынын башкы инспектору 2000 доллар талап кылып жаткандыгын билдирип кайрылган. 

Салыкчы пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн жыйынтыгын оң чечип берүү үчүн тигүүчү цехтин ээсинен акча талап кылган. Видеодо салыкчы акчаны алгандан кийин кетип бара жатып, "таарыныч жокпу, чын дилиңден берип жатасыңбы?" деп сураган. Машинадан жаңы эле түшүп, акчасын кагаз папкага салып, тротуарда кетип бара жаткан салыкчыны капыстан пайда болгон финансы полициясынын кызматкерлери дароо кармайт. 

Кармагандар анын жанынан алдын ала белги коюлган акчаларды алып чыгып, аны кайра санап, каттап жаткандыгын көрүүгө болот. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.