Жаңылыктар
Мыйзамсыз дары-дармек сатууга бөгөт коюлууда
Ден соолук
Мыйзамсыз дары-дармек сатууга бөгөт коюлууда

Ош базарынын аймагында дары-дармекти мыйзамсыз саткан жайлар жок кылынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. 

Базардын айланасындагы дары-дармектерди мыйзамсыз саткандардын ишин токтотуу максатында Бишкектин Ленин райондук администрациясы тарабынан атайын топ түзүлгөн. Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек жана медициналык техника департаментинин кайрылуусунан кийин "Берекет" объектисинин аймагында дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу иштерине бөгөт коюлду. 

Учурда дары-дармектерди мыйзамсыз саткан 17 жайдын ишмердүүлүгү токтотулду.