Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаевдин Башкырстандагы иш сапары
Саясат
Алмазбек Атамбаевдин Башкырстандагы иш сапары

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Башкырстан Республикасынын башчысы Рустэм Хамитов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Башкырстандын башчысы Рустэм Хамитов президент Алмазбек Атамбаевди Уфага келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн достугу бардык багыттар боюнча олуттуу өнүгүп жаткандыгын билдирди. Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Башкырстан элдеринин маданий-тарыхый тыгыз байланыштарын баса белгиледи. Сүйлөшүүлөрдүн аягында президент Алмазбек Атамбаев менен Башкырстандын башчысы Рустэм Хамитов биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүп, ММК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Негизи Кыргызстан Россия Федерациясынын аймагында жайгашкан өлкөлөр менен алаканы жакшы жолго коюшу зарыл, анткени экономикалык активдүүлүк дал ушул аймактар менен көбүрөөк байланышта болууда.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Башкырстан Республикасына болгон сапарына токтолсок, №1-борт Москвадан Башкырстандын борбору Уфага багыт алды. Учуу убактысы 1 саат 45 мүнөт. Президент бул шаарга 2 жыл мурда Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде келген эле. Башкырстан Республикасынын башчысы Рустэм Хамитов Кыргызстандын президентин тосуп алганы жубайы менен келген. Бул дипломатияда урматтоонун белгиси катары каралат. 


Башкырстан - Россия Федерациясынын субъекти болгондуктан, протокол боюнча үч желек илинип турушу керек. Башкырстан Атамбаев менен эки тилде: орус жана башкир тилинде саламдашып, чак-чак жана каравайдан даам таттыруу менен тосуп алды. 

Башкирлер же татарлар - кыргыз элине эң эле жакын калк. Тил, каада-салт, улуттук ашканасы, карманган жалпы дини жана тарыхы айкалышып турат. Бул окшоштуктар глобализация заманында да маанилүүлүгүн жоготкон жок.