Жаңылыктар
Ишкерчиликти өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
Экономика
Ишкерчиликти өнүктүрүүнүн  жолдору талкууланды

Ишкерчиликти илгерилетүүнүн жолдору, туризм тармагын өнүктүрүү жана инвесторлорду тартып, алардын көмөгү менен айрым ири долбоорлорду жүзөгө ашыруу. Дал ушул максатта премьер-министрдин жетекчилиги алдында өкмөттүн алдындагы бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш кезектеги отурумун өткөрүп, бул багыттагы талылуу маселелерди талкуулады. 

Бул негизинен тышкы миграция чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жакшыртуу, каржы рыногуна байланыш операторлорунун жетишүүсү же жарандардын накталай эмес төлөмдөргө болгон жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана жарандык авиацияны өнүктүрүп, Кыргызстандын авиациясын Евросоюздун кара тизмесинен чыгаруу. 

Бул багытта 4 негизги багыт боюнча иш-чаралар планы иштелип чыккан. Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков аэропорттун ичинде туристтерди кабыл алууга бардык шартты түзүү боюнча сунуштарын берди. Өкмөт башчы да адегенде аба бекеттеги тартипке көңүл буруу маселесин белгиледи.