Жаңылыктар
Бүгүн Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү

Бириккен Улуттар уюму 23-июнда Мамлекеттик кызматкерлер күнүн майрамдайт. Мамлекеттик кызматкерлер күнүн белгилөө жөрөлгөсүнө БУУнун Башкы ассамблеясынын 57-сессиясы жол ачкан. 

Ал үчүн атайын резолюция кабыл алынып, мамлекеттик кызматкерлер эл аралык жана улуттук деңгээлде чечүүчү роль ойноору белгиленген. Ал эми Кыргызстанда бул майрам “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү” катары 2007-жылдан бери белгиленип келет.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү менен президент Алмазбек Атамбаев куттуктады.
"Акыркы 5-6 жылда Кыргызстанда саясий туруктуулук орноп, өлкөбүз өнүгүү жолуна түштү. “Кыргызстан - кедей мамлекет” деген көп жылдык кемсинтүүдөн арылдык. Эң башкысы, Азиядагы байыркы калк катары тамырыбыз тереңде экенин түшүнө баштадык,социалдык, улуттук эс-тутумубузду жаңылап, өзүбүздүн руханий байлыгыбызга, башатыбызга кайрылдык. Мекенибиз үчүн сыймыктануу жана жоопкерчилик пайда болду. Өз күчүбүзгө жана эркибизге ишенип калдык. Беш эле жыл мурда “Кыргызстан өсүп-өнүгүүгө жөндөмсүз мамлекет” дегендердин тилеги таш капты. Кыргызстанды бүгүн Борбор Азиядагы эркин элдин эркин өлкөсү деп аташат. Бул жетишкендиктерде сиздердин да опол тоодой салымыңыздар бар. Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр, бак-таалай каалайм!",- деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоосунда.