Жаңылыктар
Милдеттүү каттоого туруу мыйзамы инвесторлорго тоскоолдук жаратууда
Экономика
Милдеттүү каттоого туруу мыйзамы инвесторлорго тоскоолдук жаратууда

Кыргызстанга кирген чет өлкөлүк жарандардын 5 күндүн ичинде каттоого олтурууга милдеттениши инвесторлорго тоскоол жаратууда. Бул тууралуу 23-июнда Бишкекте өкмөттүн алдындагы ишкерликти жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында айтылды. Анда чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясы айрым өлкөнүн жарандары Кыргызстанга киргенде айрым тоскоолдуктарга кабылып жатканын билдирди. Өз кезегинде Мамлекеттик миграция кызматы 92 мамлекеттин жарандары кыргыз жергесинде 5 күндүк каттоо мөөнөтүнөн бошотулушканын билдирди. 

Кыргызстандагы чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясы жогорку квалификациялуу адистердин өлкө аймагында ишке оноштуруу маселесин жеңилдетүүнү, инвесторлордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана потенциалдуу инвесторлорго убактылуу жашаганга уруксат документин алууну да оңойлоштуруу маселесин көтөрдү. Жыйында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков инвесторлорго толук шарттар түзүлүшү керектигин айтып, тийиштүү мекемелерге  айрым көйгөйлөрдү чечүүнү тапшырмасын берди.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"