Жаңылыктар
Бишкекте болгон шамалдын кесепеттери
Кырсык
Бишкекте болгон шамалдын кесепеттери

Бишкекте болгон шамалдын айынан дарактар, жол белгилери жана тосмолор кулады. Буга чейин ӨКМ Бишкек менен Чүйдөгү шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жете турганын эскерткен. 

Күбөлөрдүн айтымында, Чүй проспектисинде жайгашкан дарактын жоон бутагы сынган. Ал эми Ала-Тоо аянтындагы темир тосмолор менен жол белгилери кулап, "Илбирс" имаратынын чатыры учкан. Мындан тышкары, борбордук аянттагы негизги желек айрылып кетүү коркунучунда турат. Лев Толстой көчөсүндөгү супермаркеттин жанында өсүп турган дарак дагы катуу шамалдан улам жарымы сынып, жанында турган кымбат баалуу унаанын үстүнө кулап түшкөн.