Жаңылыктар
"Таза коом" билим берүүнү жакшыртат
Билим
"Таза коом" билим берүүнү жакшыртат

Электрондук билим берүүнү өркүндөтүү зарыл. Бул маселе Жогорку окуу жайларынын Ассоциациясы менен Билим берүү жана илим министрлиги биргеликте уюштурган форумда талкууланды. Ага катышкан адистер “Таза коом” долбоорунун алкагында маалыматтык технологияны өркүндөтүү тармактагы паракорлукту жок кылып, окутуунун сапатын жогорулатаарын белгилешти. 

“Таза коом” долбоору бардык тармактардын ишин санариптештирет. Анын билим берүү чөйрөсүндө да олуттуу орду бар.

Жыйынга чогулган жогорку окуу жайларынын жетекчилери электрондук билим берүүнү жөнгө салып, аны өркүндөтүү зарылчылыгын белгилешти. Маалыматтык технологиялардын жардамы менен тармактагы андан башка көйгөйлөрдү да жоюга мүмкүнчүлүк бар.

Билим берүү коррупциялашкан тармак экени байма-бай айтылып келет. “Таза коом” долбоорунун мүмкүнчүлүктөрү аркылуу аны жоюга үмүт арткандар да бар.

Аталган сыйлык эки жылда бир ирет берилет. Форумда аны тапшыруу аземин ар жыл сайын өткөрүү сунушу айтылды. Ал эми “Таза коом” долбооруна байланыштуу ага шайкеш келген атайын резолюция кабыл алынды. Бирок, бул соңку жыйын эмес. Жогорку окуу жайларынын жетекчилери заманбап билим берүүнү ишке ашыруу үчүн мындан ары да кеңешип, иш-чаралардын системасын түзүшөт.