Жаңылыктар
Коррупцияга каршы күрөш
Саясат
Коррупцияга каршы күрөш

Коррупцияга каршы күрөшүүдө укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматташуусу жаман эмес жыйынтыктарды берүүдө. Бул тууралуу паракорчулукту алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйынында айтылды. 

Иш-чарада курулуш тармагында орун алып жаткан коррупция, паспорт берүүдөгү алешемдиктер, мамлекеттик кызмат адамдарына паракорчулук боюнча козголгон кылмыш иштери жана башка көптөгөн маселелер талкууга алынды. 

Өткөн жылы жана 2017жылдын биринчи кварталына карата прокуратура органдары тарабынан коррупция фактысы боюнча жалпы 812 кылмыш иши козголгон. Андан мамлекетке келген зыяндын көлөмү 500 млн сомдон ашкан. Башкы прокуратура козголгон кылмыш иштери боюнча атайын изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады. 

Өткөн жылы жана 2017-жылдын биринчи кварталында коррупцияга каршы күрөшүү багытында 2500гө жакын текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында мамлекеттин казынасына 37 млн сомго жакын каражат кайтарылган. Мындан сырткары өткөн жылдары Эсеп палатасынын актыларынын негизинде коррупция боюнча 138 кылмыш иши козголсо, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бул багытта 65 иш козгогон.

Координациялык кеңештин айрым мүчөлөрү азыркы учурда курулуш тармагында коррупция күч алганын белгилешти. Буга ошол эле мамлекеттик кызмат адамдары көмөктөш болуп жатканын эл өкүлдөрү белгилешет. Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров бул багытта укуктук база жетиштүү экенин, эми аны ишке киргизүү милдети гана турганын айтты.

Жыйында мындан сырткары укук коргоо органдарынын Эсеп палатасы, Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекеттик соттук экспертиза борбору менен өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын паспорт берүүдөгү ишмердигин мыйзамдуулугу талкууга алынды. Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын айтымында, координациялык кеңешме мамлекеттик органдарга коррупцияга каршы күрөшүүдө макулдашылган иш аракеттерди жүргүзүүгө салым кошууда.