Жаңылыктар
Жээнбеков өлкө жарандарын кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Жээнбеков өлкө жарандарын кабыл алды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкө жарандарын жеке өзү кабыл алды. Өкмөт башчы менен болгон жолугушууда жарандар өздөрүнүн бир катар көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышты. 

Анын ичинде, айыл чарба, мал чарбачылыгын, маданият тармагын өнүктүрүү боюнча чаралар тууралуу демилге айтылды. 

Өкмөт башчы белгилегендей, бардык көтөрүлгөн маселелер көзөмөлгө алынат жана Өкмөт аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жарандарды кабыл алуунун жүрүшүндө көтөрүлгөн көйгөйлөрдү жана маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүп, жардам берүү жумуштары тапшырылды.