Жаңылыктар
А.Атамбаев мамлекеттик сапарынын алкагында Казань шаарына барды
Саясат
А.Атамбаев мамлекеттик сапарынын алкагында Казань шаарына барды

Президент Алмазбек Атамбаев Орусияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Казань шаарына да барды. Ал Татарстандын борбор калаасында республиканын президенти Рустам Минниханов менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Аба майданында Президентти Татарстандын Башчысы Рустам Минниханов тосуп алды. Өлкө башчысын анын жубайы Раиса Атамбаева коштоп барган. Бул Казань шаарына болгон сапар менен биринчи айымдын туулган күнү бир күнгө дал келип калган. Кызыгы, биринчи айымдын тек жайы дагы этникалык татарлардан. 

Казань кремлинин үстүнөн карганда - шаар алаканга салгандай көрүнөт. Алмазбек Атамбаевге акыркы жылдары курулган имараттарды көргөзүштү. Мындагы, стадион жана башка спорттук жайларга күбө болгон сон, президенттер сүйлөшүнү тар чөйрөдө жүргүздү. Жолугушуу кеңейтилген форматта уланып, тараптар, экономикалык байланышты өнүктүрүү зарылчылыгы боюнча бир пикирде экени айтылды.

Өз кезегинде, Алмазбек Атамбаев Татарстан мамлекети менен дээрлик баардык тармактар боюнча кызматташтыкты жаңы тепкичке көтөрүүнү сунуштады.Анын ичинде, туризм тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, Ысык-Көлгө эс алууга келе турган жаңы аба каттамын ачуу да бар. Эң башкысы - Тамчы аэропотту күн-түн дебей учактарды кабыл алууга даяр.