Жаңылыктар
Айт намазы 25-июнь күнү саат 7:30да борбор калаанын эски аянтында өтөт
Дин
Айт намазы 25-июнь күнү саат 7:30да борбор калаанын эски аянтында өтөт

Орозо айынын аякташына карата боло турган айт намазы 25-июнь күнү саат 7:30да борбор калаанын эски аянтында өтөт. 

Ага чейин саат 6:00дөн баштап эл чогулуп, түрдүү баяндар жана куттуктоолор айтылат. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Айт намазга премьер-министр Сооронбай Жээнбеков дагы катышат. 

Айт намазга байланыштуу Тыныстанов, Панфилов, Фрунзе көчөлөрү жана Чүй проспектиси менен чектелген аймакта унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет.

Бишкек мэриясы айдоочуларга унаасын чектөө киргизилген аймактан сырткары калтырып, коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле жасоосун өтүнөт. 

Айт намазы өткөн жерде тартип сакчылар, тез жардам жана өрткө каршы күрөшүү кызматиштейт.