Жаңылыктар
Катарда төңкөрүш болушу мүмкүн
Дүйнө
Катарда төңкөрүш болушу мүмкүн

Катарда төңкөрүш  күтүлүүдө. Эгерде  бул  жолу да ишке аша турган болсо, ал  соңку 21 жыл   ичинде үчүнчү жолу кайталанат. Анан да жаман жагы сөзсүз  түрдө коңшулаш араб өлкөлөрүнө терс таасирин  тийгизерин эл аралык серепчилер белгилөөдө.  Ал эми Африка элинин  көпчүлүгү ичкиликке берилгени байкалууда. Ливандык Al-Manar гезитинин журналисти Амин Абу Рашид “Катарда хан тактысына жаралган коркунуч араб падышаларын бушайман кылууда”-аттуу  макаласын   жарыялады. Кесиптешибиздин айтымында бүгүнкү күндө Катарда саясий кризис байкалууда. Анткени бул өлкөдө падышанын тактысы үчүн тымызын күрөш башталды. Эске сала кетсек, 1995-жылы  бул өлкөнүн мурдагы өкүмдарын Халиф бин Хамад Аль Тани  Швейцарияда эс алып жүргөндө, ага  каршы  баласы ханзаада Хамад бин Халиф кутум уюштуруп, аны бийликтен алып түшкөн. Башка араб падышалары Хамад бин Халифти Катардын жаңы өкүмдары катары аргасыздан  тааныган. Анын атасы Халиф бин Хамад Аль Тани  Ата-Мекенине 9 жылдан кийин гана кайтып келген- деп автор белгилейт.

2013-жылы Катарда экинчи жолу төңкөрүш болуп, бийликке мурдагы өкүмдар шейх Хамаддын ордуна хан тактыга анын экинчи аялынын баласы Тамим отурат. Анын таякелери өлкөдө абдан таасирдүү  үй-бүлөлөрдүн бири.  Бул төңкөрүш мамлекетти башкарган падышанын  династиясы жана таасирдүү үй-бүлөлөрдүн  ортосунда ич ара келишпестиктин натыйжасы болгон. Бүгүнкү күндө да мындай коркунуч жаралууда. Жогоруда сөз болгон  көйгөй туралуу, учурда чет өлкөдө жашаган, Катардын чалгын кызматын түптөгөн генерал-майор Махмуд Мансур  ливандык журналист  менен   маек курган. Мансурдун   маалыматы боюнча мамлекетте таасирдүү үй-бүлө өкүлдөрү азыркы эмир Тамим бин Хамаддын ордуна төрт талапкер сунуштаган. Эң кызыгы алардын бирөө гана  Катарды башкарган Аль Тани династиясынын өкүлү. Демек алардын мүдөөсү  Катардын хан тактысына  Аль Тани падышанын  мураскери болгон  ханзааданы     эмес, иш –жүзүндө өзүнүн   өкүлүн бийликке алып келүү –деп,  баса белгилейт Амин Абу Рашид  макаласында. Кененирээк аудиодон укса болот.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов.Тааныштырган Бакыт Тапаев, "Биринчи радио"