Жаңылыктар
Ошто ич өткөк илдети күч алды
Ден соолук
Ошто ич өткөк илдети күч алды

Ооруга айрыкча 5 жашка чейинки балдар көп кабылып жатышат. Акыркы 10 күндөн бери бул илдет кескин өсүп, бейтаптар каридорлорго чейин жайгаштырылып жатат. Дарыгерлер оорунун күч алышын жашылчаларды жуубай жегенден улам пайда болгонун айтышат. Ошондон улам балдарга жашылча жемиштерди берүүдө гигиенаны сактоого чакырышат.

Дарыгерлер ич өткөк илдетине кабылган балдарды үй шартында айыктырса боло турганын айтышат. Негизинен дарт организмдеги суюктуктун жетишсиздигинен пайда болоорун белгилешет. Андыктан күнүнө кайнатылган сууга атайын каражат кошуп бат-баттан ичирип туруу зарыл. Өткөн жылы жашылча-жемиштердин эрте бышканына байланыштуу дартка чалдыккандардын саны азыркыга салыштырмалуу көп болгон менен ала 20 жаштан жогоркулар эле. Быйыл чалдыккандардын басымдуу бөлүгү 5 жашка чейинки балдар. Ош шаары боюнча 6 ай аралыгында ич өткөк оорусунан улам дарыланган балдардын саны 500дү түздү.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"