Жаңылыктар
Залкар талант Болот Бейшеналиевдин 80 жылдыгы белгиленди
Маданият
Залкар талант Болот Бейшеналиевдин  80 жылдыгы белгиленди

Кыргыздын залкар актёрлорунун бири, Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев тирүү болгондо 80 жашка чыкмак. Улуу таланттын өнөрүн даңазалоо максатында, өлкө боюнча Болот Бейшеналиев тартылган тасмалардын жумалыгы башталган. Ошондой эле, актёрдун туулуп өскөн кичи мекени Кеминде, анын 80 жылдык мааракеси республикалык деңгээлде белгиленди. 

Легендарлуу актер Болот Бейшеналиев туура 80 жыл мурун Кемин районундагы Калмак-Ашуу айылында жарык дүйнөгө келген. Анын балалык чагы, окуучулук күндөрү дал ушул үйдө өткөн. Залкар актердун талантына таазим катары максатында, үйдү бузбай калтырып коюшкан. Кыргыз эл артистин эскерүү иш-чарасы, эстелигине гүл коюу менен башталды. Андан соң, куран окутулду.

Кино сүйүүчүлөр Болот Бейшеналиевди ,"Ак Мөөр" тасмасындагы Болоттун, “Биринчи мугалимдеги” Дүйшөндүн образынан улам тааныйт. Ал роль кыргыздын агартуу тармагынын башаты болгон. Жаштар билим алып калсын, жалпы эл сабаттуулукка жетсин деп бүткүл дитин коюп, келечек үчүн жан үрөгөн мугалимдин ролун таасын бере алган.

Легендарлуу актер, жалпысынан 105 тасмада роль жараткан. Чыгармачыл өмүрүнүн 16 жылын чет жерде өткөрүп кино тармагынын өнүгүшүнө опол тоодой эмгек жасаган. Дүйнөдөгү мен-мен деген режиссерлордон чакыруулар түшкөн. Кесибин чексиз сүйгөндүктөн, башка учурга убакыт таба алган эмес. Айылына да аз каттачу.
Жөнөкөй бирок, оор басырыктуу мүнөз күткөн Болот Бейшеналиев өзү көп сүйлөчү эмес, ашыкча сүйлөгөндөрдү да жактырчу эмес деп эстешет. Ички дүйнөсүндө катылып жаткан уйгу туйгуну ырлары аркылуу төкчү. Кыргыз кереметин жаратуучуларынын бири, Болот Бейшеналиев 64 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Анын өчпөс элеси элибизге түбөлүк мурас катары тасмаларында калды.