Жаңылыктар
Пакистанда бензин ташыган унаа жарылып, өрттөн каза тапкан адамдардын саны 152ге жетти
Дүйнө
 Пакистанда бензин ташыган унаа жарылып, өрттөн каза тапкан адамдардын саны 152ге жетти

Пакистанда бензин ташыган унаа аңтарылып кетип, өрттөн каза тапкан адамдардын саны 152ге жетти. Окуя үч миллиондон ашуун калкы бар Мултан шаарынан 100 чакырым түштүк-батыш тарапта, 25-июнда болгон. 

Күбөлөрдүн айтымында, автоунаа катуу ылдамдыкта келатып аңтарылып кеткен. Полиция кырсык болгон жерди курчоого алганы менен жакын жерде жашаган айылдыктар май куюп алууга аракеттенип жаткан кезде машина жарылып кеткен. Өрттүн тутанышына чылым чегүү себеп болгону, каза тапкандардын айрымдары таанылгыс болуп күйүп кеткени айтылууда.